Кыргызстандагы коронавирус: 3-майга карата 795 кишиге илдет жукту
Поделиться в:
3-майга карата республика боюнча коронавирустун жаңы 26 учуру катталып, жалпы илдет жуккандардын саны 795 кишиге жетти. Бул тууралуу Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ага ылайык, жаңы 26 учур катталган аймактар:
Бишкек ш. – 14
Ош облусу - 2
Чүй облусу – 9
Баткен облусу - 1.
Ошол эле маалда бир суткада 37 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Алар:
Бишкек ш. – 21
Ош облусу - 1
Ош ш. - 6
Жалал-Абад облусу - 1
Баткен облусу - 2
Нарын облусу - 6
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-3-majga-karata-795-kishige-ildet-zhuktu
Добавить комментарий ×