Кыргызстанда “Евразия жумалыгы – 2019” форуму өтөт
"Евразия жумалыгы – 2019” IV Эл аралык форуму Бишкек шаарында 25-27-сентябрда өтөт. Бул тууралуу чечим иш-чараны уюштуруу комитетинин биринчи отурумунда кабыл алынды. Иш чара “Ала-Арча” № 1 мамлекеттик резиденциясында болот.
Уюштуруучулардын айтымында, бул жылы форум “ЕАЭБ: Консолидация. Өнүгүү. Күч” урааны менен өткөрүлөт.
Форумдун программасы үч блок боюнча 20дан ашык аянттарды уюштурууну болжолдойт. Бул, ЕАЭБти өнүктүрүүнүн негизги жана келечектүү багыттарын камтыган стратегиялык трек. Өнөктөштүк - бул жерде катышуучулар Кыргызстан жана ЕАЭБ үчүн өзгөчө актуалдуу болгон негизги тармактар боюнча бизнес үчүн практикалык маселелерди талкуулашат. Жаштар трегинин алкагында ЕАЭБ жаш лидеринин мектеби, ЕАЭБ ЖОЖдорунун сессия-презентациясы, ошондой эле бизнес-оюндар жана ишке орноштуруу маселелери боюнча сессия өтөт.
Бул жылы форумга катышууга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Армения Республикасынын Вице-Премьер-Министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-Министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын Премьер-Министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер-Министри Жеңиш Разаков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары - Финансы министри Антон Силуанов, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ошондой эле бизнес жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чакырылган.
“Евразия жумалыгы - 2019” өзгөчө орунду айыл чарбага жана тамак-аш өнөр жайына арналган көргөзмө ээлейт. Көргөзмөгө катышууга компетенциясы менен бөлүшүүгө даяр тажрыйбалуу өндүрүүчүлөр гана эмес бизнес-чечимдерди издөөдө жайгашкан компаниялар да чакырылат.
Эске салсак, “Евразия жумалыгы” Эл аралык көргөзмө форуму төртүнчү жыл катары менен өткөрүлүп жатат. Өткөн жылдардагы натыйжалар форум негизги иш-чара жана ЕАЭБ менен үчүнчү өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун, мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү үчүн эркин пикир алмашуу аянтчасы катары өзүн көрсөттү.
Форумдун максаты-бүткүл дүйнө жүзүнө экономиканы биргелешип калыптандыруу жана методологияларды иштеп чыгуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын көрсөтүү. Форумдун аянтчасы атаандаштыкка жөндөмдүү жана экспортко багытталган продукцияны түзүү үчүн В2В - түз байланыштар тармагын өнүктүрүүгө жана потенциалдуу керектөөчүлөр жана инвесторлор катары үчүнчү өлкөлөрдүн компанияларын тартуу үчүн өбөлгө түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandaevraziya-zhumalygy-2019-forumu-tt
Добавить комментарий ×