Бишкекте «Евразия жумалыгы» башталды
Бөлүшүү:
Бүгүн 25- сентябрда Бишкекте IV эл аралык «Евразия жумалыгы» форуму башталды. Бул туралуу ѳкмѳттүн басма сѳз каттчысы маалымдады. Форумга Кыргызстандын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышууда.
Форум үч күнгө уланат. Ал эми төртүнчү күнү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер, ЕАЭБдин активдүү катышуучулары бир аянтчага чогулуп, экономикалык интеграция жана бизнес-кызматаштык маселелерин талкуулашат.
Форумдун ишине эки миңден ашуун адам катышат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-evraziya-zhumalygy-bashtaldy
Добавить комментарий ×