Кыргызстанда жашы жете элек балдар 1 июлдан тарта сыртка паспорт аркылуу гана чыга алышат
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигини маалыматына ылайык, 2019-жылдын 1-июлунан тартып, жашы жете элек балдардын Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгын далилдеген туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн тиркемеси айлантуудан чыгарылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы маалымдайт.
«Мамлекеттик чек ара өткөрмөлөрүндө ар кандай чыр-чатактуу жагдайларды четтетүү максатында, 2019-жылдын 1-июлунан тартып, Кыргыз темир жолунун бекеттеринен эл аралык каттамдарга чыгуу үчүн жашы жете элек балдарга өз убагында жалпы жарандык паспорт алуу жагын “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын администрациясы сунуштайт», - деп билдирет ишкананын басма сөз кызматы.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhashy-zhete-elek-baldarga-pasport-aluu-sunushtalat
Добавить комментарий ×