Немецтер Германиядан Кыргызстанга болгон кусалыгын ыр менен билдиришти (видео)
Советтер Союзу маалында Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Үч-Эмчек айлында жашап кеткен немец улутундагы үй-бүлө Германиядан айылына арнап ыр ырдап, кыргыз тилинде обон салышты. Бул тууралуу журналист Айбек Турдалиев өзүнүн соцтармактагы баракчасына жарыялаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Видео тасмадан бир үй-бүлө чогуу олтуруп алып жашап кеткен айылына болгон кусалыгын ыры менен билдирип жатканын көрүүгө болот.
Журналисттин айтымында, Кыргызстанда жашап кеткен айылдаштар майрамдарда жолугуп, Таластын нукура гүлчөтайын, кыргыздын боорсогун жасап балдарына да үйрөтүп турушат. Жада калса, жашап кеткен айылы Үч-Эмчек тууралуу орус тилинде ыр чыгарып, ырдап да жүрүшөт экен.
Видео тасманын соңунда алар Германиядан кыргыз тилинде жаңыртып обон созуп да коюшканын көрүүгө болот.
Добавить комментарий ×