Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизүү сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев өлкө боюнча эки жумага өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады. Бүгүн, 19-мартта, парламент өкмөттүн коронавируска каршы жасап жаткан аракеттери боюнча маалыматын укту.
Депутат эгер өзгөчө кырдаал киргизилген бийликтин укугу кеңейип, башкача иш алып барылмактыгын айтты.
“Өкмөттө өзгөчө статус болуп көптөгөн маселелерди чечип алмаксыңар”, — деди ал.
Анын сунушун башка депутаттар дагы колдогоо алды. Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккан үч учур катталды. Алардын бардыгы тең Сузак районунун тургундары. Андыктан учурда райондо карантин киргизилип, өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Эл өкүлдөрү өлкөдөгү коронавирустан улам боло турчу шайлоолорду дагы так белгилеп алуу керектигин көтөрүштү. Депутат Наталья Никитенко жергиликтүү кеңештердин шайлоосун кийинкиге жылдырууну сунуштады.
Белгилей кетсек, 12-апрелде Кыргызстандын бир катар аймактарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Анын ичинде беш шаарда дагы шаардык кеңештин депутаттары шайланат. Ага учурда 22 партия ат салышып, ушул тапта үгүт иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zgch-kyrdaal-kirgiz-sunushtaldy
Добавить комментарий ×