Кыргызстанда өзгөчө кырдаал качан алынат? Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

13 мая 2020 10:25 841 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдети өлкөдө табылгандан тарта эле аларга алдын ала божомол кандай болот деп көп кайрылуулар болуп жатканын маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө узак мөөнөткө карата божомол жасоо туура эмес экенин айтты.

“Эпидемиологиялык абал туруктуу болуп жатат. Аны жакшы сактап калсак, бара-бара оорулардын саны, жуккандардын саны азайганда гана өзгөчө кырдаалды алуу тууралуу сөз кылсак болот”, — деди ал.

Эске салсак, Кыргызстанда март айынын аягында алгач өзгөчө кырдаал режими андан кийин өзгөчө абал киргизилип, ал 10-майда алынган. Бирок өзгөчө кырдаал менен карантиндик-санитардык режим сакталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zgch-kyrdaal-kachan-alynat-salamattyk-saktoo-ministrliginin-zhoobu



Добавить комментарий