Кыргызстанда укук коргоо органдарында иштеген 27 кызматкерге коронавирус жукту
Поделиться в:
Кыргызстанда 4-майга карата укук коргоо органдарында иштеген 27 кызматкерге коронавирус жукканы ырасталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 10 кызматкер республикалык клиникалык-инфекциялык ооруканасында дарыланган.
“Алардын бардыгы ооруканадан чыгарылды. Дагы 10 киши дарыланууда. Кечээ кечинде дагы жети кызматкер келип түштү”, — деди ал.
Эске салсак, өлкө боюнча коронавирус илдети 830 кишиге жукту.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-ukuk-korgoo-organdarynda-ishtegen-27-kyzmatkerge-koronavirus-zhuktu
Добавить комментарий ×