Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда сел жүрүшү күтүлөт
Шашылыш билдирүү! Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 5-апрелде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-(Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 72-91-(Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-(Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-(Ийри-Суу тилкеси), 67-93-(Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 161-179-(Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
2021-жылдын 5-6-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарынын төмөн жерлерин суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-too-etekterindegi-rajondorunda-sel-zhrsh-mmkn
Добавить комментарий ×