Кыргызстанда орозо айт 13-майда белгиленет
Поделиться в:
Орозо айт майрамы 13-майда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2021-жылдын 13-май, бейшемби күнүн Орозо Айт майрамы деп белгиледи.
Эскертүү:
Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-orozo-ajt-majramy-13-majda-belgilenet
Добавить комментарий ×