Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны кыскарышы ыктымал

29 апреля 2020 13:47 1243 Barometr
Поделиться в:
ok

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов коронавирустан улам мамлекеттик кызматкерлердин саны кыскарышы ыктымалдыгын маалымат жыйында айтты.

Ал өз сөзүндө бүгүнкү күнү мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу маселеси күн тартибинде жок экенин кошумчалады.

“Азыр андай маселе күн тартибинде жок. Келгиле биз биринчи коронавирустун алдын алуу боюнча иштерди ийгиликтүү аяктап алалы.

Балким кийин кызматкерлердин санын азайтуу маселеси каралышы ыктымал”, — деди Боронов.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-mamlekettik-kyzmatkerderdin-sany-kyskaryshy-yktymal



Добавить комментарий