Кыргызстанда көп балалуу 1135 эне «Баатыр эне» ордени жана 470 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланат

13 май 2019 16:09 9754 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков «Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө» жана «Республиканын көп балалуу энелерин «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө» жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктардын негизинде конституциянын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1135 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 470 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kp-balaluu-1135-ene-baatyr-ene-ordeni-zhana-470-ene-ene-daky-medaly-menen-syjlanat



Добавить комментарий