Кыргызстанда коронавирустун индиялык штаммы каттала элек

9 июля 2021 12:25 843 Barometr
Поделиться в:
ok

Индиянын «Дельта» штаммы Кыргызстанда каттала элек. Бул тууралуу брифингде “Профилактикалык медицина” илимий- өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов билдиргенин "Барометр" маалымдайт.

Ал SARS-CoV-2 штаммы сезилерлик мутацияга учураганын кошумчалады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму берген маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө коронавирустун бир нече мутацияланган түрлөрү бар: Улуу Британиялык (альфа), Түштүк Африка (бета), Бразиялык (гамма)  жана Индиялык (дельта). Эң эле кооптуусу индиялык штамм болуп саналат. Аны жуктуруп алуу 5-10 секундада болот, бирок клиникалык жактан өтө оор өтөт. Бейтапканага жаткыруу бул ооруда эки эсеге жогору болот.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustun-indiyalyk-shtammy-kattala-elek



Добавить комментарий