Кыргызстанда коронавирустан улам кинотеатрлар, түңкү жана компьютердик клубдар жабылат
Кыргызстанда коронавирустан улам кинотеатрлар, түңкү жана компьютердин клубдан, ири тамактануу жайлары, ири соода борборлорундагы балдар аянтчалары убактылуу жабылат. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө үчүн уюштурулган республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды.
Жыйында эл көп чогулган жерлерге барбай туруу маселеси кайтадан көтөрүлдү.
Соода, коомдук тамактануу, кызмат көрсөтүү жаатында эмгектенген бардык юридикалык жана жеке тараптарга убактылуу тыюу салуу алынганга чейин ири иш-чараларды өткөрбөй туруу сунушталды. Андын сырткары имараттын ичинде аба тазалагыч, санитайзерлерди алуу керектиги айтылды.
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова ар бир абалдын олуттуу экенин түшүнүүсү керектигин белгилеп, дарыгерлер айткан эрежелерди сактоо керектигин кошумчалады. Андан сырткары тазалык иштерине өзгөчө гигиенага көңүл буруу керектигин айтып, балдарга бул тууралуу түшүндүрүү кажет деди.
Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Ал эми өлкө боюнча жалпысынан 341 киши карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.
Добавить комментарий ×