Кыргызстанда коронавирустан бир киши каза болду. Бардыгы 5 киши курман болду
Поделиться в:
Кыргызстанда коронавирустан улам Ноокат районундагы ооруканада жаткан 87 жаштагы бир киши каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин 4 киши коронавирустан каза болгон болчу.
Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 298 кишиге жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustan-bir-kishi-kaza-boldu-bardygy-5-kishi-kurman-boldu
Добавить комментарий ×