Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 107 кишиге жетти

31 марта 2020 12:06 2626 Barometr
Поделиться в:
ok

31-мартка карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру аныкталды. Бардыгы болуп өлкө боюнча 107 катталган учур бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Катталган жаңы учурлар кайсы аймактарда табылды? 

Бишкек ш. – 1
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 2
Чүй облусу – 1
Ош облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 1
Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Ал эми коронавирустун жалпы республика боюнча катталган учурлар төмөнкүчө.

Жалал-Абад облусу  51

Ош облусунда 28

Чүй обулсунда 4

Баткен обулсунда 1

Ош шаарында 9

Бишкек шаарында 8

Нарын облусунда 4

Ысык-Көл облусунда 2.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkandardyn-sany-107-kishige-zhetti



Добавить комментарий