Кыргызстанда коронавирус жуккандар 44 кишиге жетти
Кыргызстанда коронавирус жуккандардын 44 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле, бүгүн, 25-март, саат 14:00гө карата алынган маалымат боюнча жаңы эки учур катталган. Алардын бирөөсү – 1960-жылы туулган эркек киши Бишкек шарынын тургуну (байланышта болгон), бирөөсү – 1985-жылы туулган эркек киши Чүй облусун Москва районунда. Ал Дубайдан келген.
Акматова эртең мененки маалымат жыйында Кыргызстанда коронавирус 42 кишиден табылганын айткан.
44 учур кайсы аймактардан аныктылды:
Ош облусунда – 20 учур
Жалал-Абад облусунда – 19 учур
Бишкек ш. – 3 учур
Чүй облусунда – 1 учур
Баткен облусунда – 1 учур
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkandardyn-44-kishige-zhetti
Добавить комментарий ×