Кыргызстанда коронавирус 147 дарыгерге жукту

21 апреля 2020 10:42 826 Barometr
Поделиться в:
ok

21-апрелге карата алынган маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 590 кишиге жетти. Анын ичинде 147си дарыгерлер. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бүгүнкү күндө,  бардыгы болуп 13 кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алардын ичинен, 6 дарыгер, 5 орто медперсонал жана эки башка кызматтагы жарандар. 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Үсөнбаевдин айтымында, айыгып чыккан  дарыгерлер кайрадан жумушка чыгып, иштеп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-147-darygerge-zhuktu



Добавить комментарий