Кыргызстанда күнү-түнү иштеген дарыгерлер айлыгынан тышкары 10-25 миң сом кошумча алат

21 марта 2020 10:26 1277 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирустан улам күнү-түнү иштеп, элдин саламаттыгы үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлер негизги айлыгынан тышкары 10 миң сомдон 25 миң сомго чейин кошумча акы алышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө коронавируска каршы күрөшүү жана анын алдын алуу максатында жалпысынан 30 миллион сом каралганын айтты.

“30 миллион сом жалаң гана дарыгерлердин айлыгына кетпейт. Бул каражатка беткаптар, костюмдар, медициналык машиналардын чыгымдары, ар кандай жабдуулар, обсервацияга ылайыкталган жайларды жакшыртуу жана башкаларга коротулат”, — деди ал.

Исаков андан сырткары, ишкерлер, элчиликтер жана эл аралык уюмдар дагы жардам берип жатканын кошумчалады.

21-март саат 9:00гө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 12 кишиден вирус табылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kn-tn-ishtegen-darygerler-ajlygynan-tyshkary-10-25-mi-som-koshumcha-alat



Добавить комментарий

  • Медиктер учун ишке барганы бир машина жургузуп койсо жакшы болмок. Каттап барып келип иштейбиз
  • Медиктер учун ишке барганы бир машина жургузуп койсо жакшы болмок. Каттап барып келип иштейбиз