Кыргызстанда ишмердиги жандана турчу тармактардын тизмеси жарыяланды

19 мая 2020 16:52 1232 Barometr
Поделиться в:
ok

1-июндан тартып санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү иштин бардык түрлөрү ишин баштайт. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ошол эле учурда, экономикалык иш-аракеттердин төмөнкү түрлөрү боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда. Алар:

  • маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
  • көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
  • балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү;
  • интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
  • мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.

Андан сырткары 21-майдан тарта төмөнкү тармактар иштеп баштайт.

  • Калкты тейлөө борборлору, паспорттоштуруу жана ЖААК бөлүмдөрү, “Унаа” Мамлекеттик мекемеси;
  • Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борлорлору: бут кийим, саат оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо;
  • Соода-сатык чөйрөсү:
  • Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү;
  • Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү, коомдук мончолорду жана сауналарды кошпогондо;*
  • Мейманканалардын ишмердүүлүгү, бассейндерди жана спортзалдарды кошпогондо.

    25-майдан тарта төмөнкүлөр ишмердүүлүгүн жандантат:
  • ️Кийим-кече сатуучу базарлар;
  • ️50 орундан ашпаган коомдук тамактануу түйүндөрү, жайкы кафелер жана ресторандар (коноктор менен үстөлдөрдүн ортосундагы 1,5-2 м аралыкты так сактоо менен), соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан фуд-кортторду кошпогондо;*
  • ️Театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, китепкана жана маданий-агартуучу жайлардын ишмердүүлүгү;*
  • ️Коомдук транспорт: автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kl-achuuchu-zhajlar-menen-baldar-bakchalary-kachan-ishtep-bashtajt



Добавить комментарий