Кыргызстанда калктын 29 пайызы коронавируска каршы эмделди

12 октября 2021 15:09 1941 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда калктын 39 пайызы коронвируска каршы вакцинанын биринчи дозасын, 29 пайызы экинчи дозасын алды.Бул тууралуу Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында, өлкөдө эмделе турган калктын жалпы саны 2 млн 240 миң адамды түзөт.   

“Эмдөө алгандардын реестри бар, кыйыр таасирлер каралып турат. Өлкөдө эмдөөнүн олуттуу кыйыр таасирлери катталган жок. 1 миңден ашык кыйыр таасирлер болду, бирок алар олуттуу кыйыр таасирлер деп классифицикацияланбайт”,-деп эскертти Ишенапысова.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kalktyn-29-pajyzy-koronaviruska-karshy-emdeldi



Добавить комментарий