Кыргызстанда кайсы тармакта иштегендер 500 долларга чейин айлык алат?

6 июля 2021 09:26 12693 Barometr
Поделиться в:
ok

2021-жылдын январь-апрель айларында чакан ишканаларды кошпогондо бир кызматкердин орточо номиналдуу айлык акысы 18 миң 957 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук стаститикалык комитетке шилтеме кылуу менен ”Барометр” маалымдайт.

2020-жылдын январь-апрель айларына салыштырганда бир кызматкердин орточо номиналдуу маянасы 7 пайызга жогорулады, ал эми анын реалдуу көлөмү керектөө бааларынын индексин кошуп эсептегенде 2,6 пайызга азайды.

Орточо айлык акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин баардык тармактарында иш алып барган ишкана-уюмдарда байкалды. Болгону бул жерге курулуш тармагындагы ишкана-уюмдар кошулган жок.

Улуттук статистикалык комитет берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда эң жогорку айлык акыны же болбосо 42,7 миң сомду ($500) байланыш жана маалымат тармагында иштегендер алат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kajsy-tarmakta-ishtegender-500-dollarga-chejin-ajlyk-alat



Добавить комментарий