Кыргызстанда кайрадан күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

6 апреля 2023 09:34 759 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүйдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын мпалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык кечээ, 5-апрелде саат 21:14тө өлкө  аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Чүй облусунун Кемин районунун Каиңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында – 3,5 баллга жеткен.

Ал эми Кемин районунун Тегирменти, Шабдан айылдарында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында – 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kajradan-kch-4-ballga-zhetken-zher-titir-boldu



Добавить комментарий