Кыргызстанда инфляция 14,1 пайыз болду

2 сентября 2021 12:47 2483 Barometr
Поделиться в:
ok

20-августка карата Кыргызстанда керектөө баалары жылдык мааниде 14,1 пайызга жогорулады, жыл башынан бери керектөө бааларынын өсүшү 6,3 пайыз деңгээлинде катталды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, инфляциянын динамикасы дүйнө боюнча азык-түлүк товарларынын баасынын өсүшүнүн таасиринде калып жатат.  

“Бир катар административдик баалардын жана тарифтердин жогорулашы 2021-жылдагы жалпы инфляцияга кошумча салым кошушу мүмкүн. Кыргызстандагы баалардын өсүшү көп жагынан дүйнөлүк азык-түлүк базарындагы жагдайдан көз каранды болот.Дүйнөлүк базарда айрым товарлардын баасынын кымбаттап кетүү тобокелдиги сакталууда”,-деп айтылат Улуттук банк тараткан маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-inflyaciya-141-pajyz-boldu



Добавить комментарий