Кыргызстанда инфляциянын деңгээли ЕАЭБде эң жогорку болду
2021-жылдын июль айында 2020-жылдын декабрь айына салыштырганда Европалык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын экономикасындагы керектөө секторунун инфляциясы 7 пайыз болуп, эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Эң төмөнкү көрсөткүч же болбосо баалардын эң аз кымбатташы Арменияда катталып, 3,3 пайызды түздү.
Кыргызстанда эң эле көп азык-түлүк товарлары, анын ичинде алкоголдук суусундуктар менен тамеки 9,8 пайызга кымбаттаган.
“Азык-түлүк эмес товарлардын максималдуу өсүшү (6,7 пайыз) жана тейлөөлөрдүн кымбатташы (5,3 пайыз) Белорусияда катталды”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-inflyaciyanyn-degeeli-eaebde-e-zhogorku-boldu
Добавить комментарий ×