Кыргызстанда француз телекомпаниясынын реалити-шоусу тартылат

25 августа 2021 10:43 1194 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда Бельгиянын “Eccholine BV” эл аралык продюссердик компаниясы француз телекомпаниясы үчүн реалити-программа тартат. Ал туризмге арналмакчы. Бул тууралуу “Silunews” сайтында кабарланганын “Барометр” билдирет.

Белгилүү болгондой, тартуу иштери 27-августтан 2-сентябрга чейин ишке ашырылмакчы.    

Туризм департаментинин башчысы Самат Шатманов “Eccholine BV” эл аралык продюссердик компаниясынын продюсери Сафи Дехили жана «Тенти.кж» туристтик компаниясынын негиздөөчүсү менен жолугушту.

Алар реалити-шоу көрүүчүлөр үчүн попуярдуу экенин, 3 миллиондон ашык адам көрө турганын жана бул прайм-тайм рыногунда 14,3 пайыздык көрсөткүч экенин айтып беришти.Көрсөтүүлөр Европа биримдигинин жана Түштүк Американын телеканаларынан трансляцияланат.

Тартуу иштеринде Кыргызстандын кооз жаратылышына басым жасалат. Жакында Кыргызстанга тартуучу топтун мүчөлөрү болгон 70тен ашык адам келет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-francuz-telekompaniyasynyn-realiti-shousu-tartylat



Добавить комментарий