Францияда суу ташкыны унааларды агызып кетип жатат (видео)
Поделиться в:
Франциянын Окситания провинциясында эки айда жаай турган жаандын өлчөмү болгону алты саатта жаагандыктан катуу нөшөр менен суу ташкындары башталды. Бул тууралуу “Genesis TEAM” каналына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Француздардын метеорологиялык кызматы өлкөнүн бул бөлүгүн “кызыл аймакка” киргизип, эскертүү берди.
Эскертүүнүн мааниси: жарандар үйүнөн чыкпай, көчөгө чыкпай, унаа айдабай тынч отурушу керек.
Селдин деңгээли жогорулап унааларды агызып, мектептер менен үйлөрдү сел каптады.
Ссылка: https://barometr.kg/franciyada-suu-tashkyny-unaalardy-agyzyp-ketip-zhatat-video
Добавить комментарий ×