Кыргызстанда чет элдик жумуш берүүчүлөрдүн онлайн-жарманкеси өткөрүлөт

24 сентября 2021 11:45 1811 Barometr
Поделиться в:
ok

Чет элдик жумуш берүүчүлөрдүн алгачкы онлайн-жарманкеси Кыргызстанда 29-сентябрдан 1-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин маалыматтык-консультациялык борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев басма сөз жыйынында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтмында, азыркы учурда 1300дөн ашык адам онлайн-жарманкеге катталды.

“Негизинен биз Санкт-Петербургдагы жумушчуулук комитети менен иш алып барабыз. Россиядан тышкары Бириккен араб эмираттары, Япония, Германия жана башкалар бар”,-деп айтты ал.

Алыбаевдин пикиринде азыркы учурда Россияда курулуш тармагында, тигүү тармагында, коомдук тамактануу менен мейманкана тармагында жумушчулар талап кылынууда. Ошондой эле IT тармагындагы кызматкерлерге талап жогору.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-chet-eldik-zhumush-berchlrdn-onlajn-zharmankesi-tkrlt



Добавить комментарий