Кыргызстанда азыр «Спутник V» вакцинасы жок
Поделиться в:
Кыргызстанда азыр «Спутник V» вакцинасы жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эфир маалында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, учурда «Спутник V» вакцинасын сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
“Азыр республикада «Синофарм» жана QazVac вакциналарын алууга болот. Ошондой эле октябрь айынын соңунда COVAX линиясынын алкагында Pfizer вакцинасын алуу пландалып жатат”,-деп айтты министр.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-azyr-sputnik-v-vakcinasy-zhok
Добавить комментарий ×