Кыргызстанда ажылардын алгачкы тобу Меккеге 16-июлда учат
Бишкек шаардык борбордук мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин катышуусунда 2019-жылы ажыларды коштоп баруучу ажы башчылардын жыйыны болду. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 109 ажы башчы катышты.Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Ажы башчыларга ажы башчылык милдеттин лицензиясын тапшыруудан мурда Азирети Муфтий алгач Мина. Арафат тоосунда жана Муздалифа өрөөнүндө аткарыла турган амалдар, ыйык Каабаны таваф кылып, айлануу эрежеси тууралуу баяндама жасап, ар бир ажы башчы өзүнө бөлүнгөн 49 ажыга жоопту экендигин белгилеп, аларга ажылыкка чейин эле коопсуздук, ажылык амалдары жана Сауд Араб Падышачылыгын мыйзамдарын, ал жакта жүрүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүү керектиги эскертилди.
“Ажылык оңой-олтоң сапар эмес. 30 күн ичинде өмүрүндө биринчи жолу ажылык сапарга барып жаткан зыяратчыларга ар кандай учурлар, кыйынчылык болот, ооруп калат. Алардын көңүлүн оорутпай, бардыгына чыдап, ак ниетиңиздерден кызмат кылыңыздар. Сиздер болочок ажыларга баргандан келгенге чейин өмүрүнө, коопсуздугуна, саламаттыгына жоопту болосуздар. Андыктан алардын ден соолугун карап, эң башкысы ажылык амалдарын аткарууда биримдикте болуп, бири-бириңиздерге жардам бериңиздер”,-деди Азирети Муфтий.
Ошондой эле Азирети Муфтий ажы башчыларды штабга баш ийип, алардын тапшырмаларын өз убагында аткарууну милдеттендирди.
Эскерте кетсек, быйылкы жылы ажылык амалдарын аткарууга Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн. Ушул жылдын 16-июлунан тарта ажылардын алгачкы тобу ыйык Мекке шаарына сапар алмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-azhylardyn-algachky-tobu-mekkege-16-iyulda-uchat
Добавить комментарий ×