Кыргызстанда аялдардын 13,7 пайызы өтө ашыкча салмактан жапа чегет
Поделиться в:
Кыргызстандын калкында ашыкча салмак олуттуу маселе бойдон калып келет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
2020-жылы 41,3 пайыз эркектер жана 34,3 пайыз аялдарда ашыкча салмак катталган.
Ал эми өтө эле ашыкча салмак менен 13,7 пайыз аялдар жана 8,7 пайыз эркектер жапа чегет.
“Негизинен 30 жаштан жогорку эркектерде ашыкча салмак катталат”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-ayaldardyn-137-pajyzy-t-ashykcha-salmaktan-zhapa-cheget
Добавить комментарий ×