Дарыгер коронавирус менен ооруп айыккандар кандай тамактануусу керектигин айтты

23 ноября 2021 09:41 1915 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус менен ооруп айыккандан кийин адамдар күч-кубаты тайып жана салмагы менен табитин жоготот. Убагында туура тамактанбаса коронавирус кайрадан жугуп калуу ыктымалдыгы жогору. Бул тууралуу врач-диетолог Александр Андреевдин маалыматына шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлайт.

Дарыгер коронавирустан айыккандар кандай тамактанышы керек экенине токтолгон. Биринчи кезекте майлуу тамактардан баш тартуу кажет. Алар жүрөк кан тамыр системасына таасир берет.

“Майлуу, ачуу тамактарды, фасфудду жегенге таптакыр болбойт. Алар адамдын ден соолугун начарлатып жиберет. Ооруп айыккандан кийин абдан эле тамакты ылгап ичүү керек”,-дейт дарыгер.

Ошондой эле алкоголь, капсута, майлуу сүттөн жок дегенде эки апта баш тарткан дурус. Шоколад, булочка, ветчина, котлеттен дагы алыс болуу керек. Шекер кошулган чайдан баш тарткан дагы пайдалуу болмокчу.

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-koronavirus-menen-oorup-ajykkandar-kandaj-tamaktanuusu-kerektigin-ajtty



Добавить комментарий