ИИМ: Кыргызстанда абал туруктуу

22 октября 2020 09:43 1254 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ал эми, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 21-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 173 кылмыш, 151 жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-abal-turuktuu



Добавить комментарий