Кыргызстанда -3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө
Поделиться в:
Кыргызстандын айрым аймактарында -1…-3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
27-28-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° болуп, үшүк жүрөт.
25-27-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-3-graduska-chejin-suuk-bolup-shk-zhrsh-ktld
Добавить комментарий ×