Кыргызстанда 10 вирусологиялык лаборатория курулууда

24 ноября 2021 13:50 1694 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 10 модулдук вирусологиялык лабораториялар курулууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.  

Аталган кабарга таянсак, бул COVID-19 боюнча калкты диагностикалоону жеткиликтүү кылууну жакшыртууга мүмкүндүк бермекчи.

Азыркы учурда өлкөнүн 10 районунда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмол борборлорунун базасында курулуш иштери жүрүп жатат.

“Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондорунда объектилердин даярдыгы 60 пайызга, Талас, Ноокат, Ноокен райондорунда жана Каракол шаарында 20 пайызга, Жалал-Абад жана Баткен областарында 10 пайызга бүткөрүлдү”,-деп билдиришти ведомстводон.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-10-virusologiyalyk-laboratoriya-kuruluuda



Добавить комментарий