Дарыгер боордун цирроз оорусуна алып келе турган азыктарды атады

24 ноября 2021 09:50 1986 Barometr
Поделиться в:
ok

Испаниялык диетолог Анхела Морено La Vanguardia басылмасына берген маегинде ички органдарды май басууга алып келе турган азыктарды атады. Бул тууралуу “Российская газета” булагына шилтеме берүү менен “Барометр” кабарлайт.

Негизинен дарыгер боорго майды пайда кыла турган зыяндуу азыктарды атады. Анын айтымында, дайыма колбаса жана дүкөндөн сатып алган таттууларды колдонуу боор ооруларын пайда кылат. Ал тургай алкоголь колдонбогон адамдар дагы мындай азыктар боордун түрдүү ооруларына, анын ичинде фиброз, цирроз жана башка кооптуу ооруларына алып келет.

Боордун нормалдуу иши үчүн гликемикалык индекси жогору болгон углеводдорду колдонууну азайтуу керек. Айрыкча мындай азыктар таттуу суусундуктарда, энергетиктерде көп.

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-boordun-cirroz-oorusuna-alyp-kele-turgan-azyktardy-atady



Добавить комментарий