Кыргызстанда 1-октябрга карата 63 бала кабыл алуучу үй-бүлөдө тарбия алууда

3 ноября 2020 15:09 683 Barometr
Поделиться в:
ok

Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча турмуштук оор кырдаалда кабылган 2 829 бала аныкталды, анын ичинен 1 673 турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган. Бул туралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ошондой эле, ушул мезгилде турмуштук оор кырдаалга кабылган 909 үй-бүлө аныкталып, анын 455 үй-бүлө оор кырдаалдан чыгарылган. 

Үй-бүлөлүк тарбыянын өзгөчө маанилүү экенин эске алуу менен, Министрлик тарабынан ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарды жана жетим балдарды тарбиялоонун үй-бүлөлүк формасын өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет. 2020-жылдын 1-октябрына карата 63 бала кабыл алуучу үй-бүлөдө тарбия алууда.     

 Өкмөттүн 2019-жылдын 29-августундагы  №319-р буйругун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн улуттук кампаниянын жүрүшүндө 698 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышты. Белгиленгендей, документтештирилген балдардын ичинен 95 үйдө төрөлгөн, алардын туулгандыгы тууралуу медициналык справкасы жок, ата-энесинин өзүндө документтери жок балдар, ата-энелери чет өлкөлүк жарандар болгон балдар.             

Быйыл туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 910 бала аныкталып, анын 420 сы тиешелүү документ менен камсыздалган 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-1-oktyabrga-karata-63-bala-kabyl-aluuchu-j-bld-tarbiya-aluuda



Добавить комментарий