“Кыргызстан” партиясынын ишин кароодо соттор БШК кабылган басымга кабылбашы керек

27 августа 2020 14:40 1368 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 27-августта Бишкек шаарынын административдик сотунда “Кыргызстан” саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы берген арызы боюнча соттук отурум болот.

Акыйкат чечим ким тарапта болоору азырынча белгисиз, ага сот гана чекит коет. Бирок “Кыргызстан” партиясынын соттон жеңип чыгарын партия лидери Канатбек Исаев жана партиянын башка мүчөлөрү ишенимдүү түрдө айтууда. Анткени БШК техникалык мүчүлүштүктү жүйө келтирип, аталган партияны болбогон шылтоо менен саясий күрөштөн чыгарууга аракет кылып жатат.

Алардын башкы жүйөсү документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, партиянын башка өкүлү алып келди дегени.

Бирок БШКнын чечими мыйзамсыз экендигин буга чейин бир катар саясий эксперттер айтып чыгышты.

Алардын бири “Ар-Намыс” саясий партиясынын лидери Феликс Кулов БШКнын чечими мыйзамсыз жана жокко чыгарылышы керектигин айткан.

“Биз укуктук мамлекет болгондуктан БШКнын чечими мыйзамга негизделиши керек болчу. Мыйзамда каттоодон баш тартуунун жети конкреттүү себептери так көрсөтүлгөн. Бирок документти ыйгарым укуктуу өкүлдөн башка адам алып келсе, бул жагдай каттоодон баш тартууга негиз болуп саналбайт”, – дейт Феликс Кулов.

Ала арада БШКга башка партия мүчөлөрү тарабынан басым жасалгандыгы даана көрүнүп турду. Мурда коомчулукка жарандык активист катары таанылгандар, азыр ар кайсы партия менен шайлоого аттанышкан саясий атаандаштар. Алар партиянын документтери 18:01де кечигип келди деп, коомчулукту козутуп жиберишти.

Бирок БШК документти партиянын өкүлү эмес, партиянын башка мүчөсү алып келген деген негиз менен документтерди артка кайтарды.

Жыйында партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Абелдиева ден соолугуна байланыштуу документтерди өзү алып бара албагандыгын түшүндүрдү. Партия мүчөсү Талант Мамытов  пандемиянын күчү кайта элек маалда БШК ооруп жаткан адамдын абалын эске албай чечим чыгарганын кескин сынга алды.

БШКнын «Кыргызстан» партиясын күрөштөн четтетүү аракетине ар ким ар кандай баа берүүдө. Партия шайлоого катышпасын дегендердин көбү башка партия өкүлдөрү. Калың эл болсо түшүнбөй эле турат. Азыр майда мүчүлүштүккө дагы чара көрө баштаган БШК эртең шайлоо башталса, айрым партиялар үгүт эрежесин бузса, аларды дагы күрөштөн чыгарабы? Чынында БШКнын чечими башка шайлоочулардын укугун чектөө болуп саналат.

Моюнга ала турган жагымсыз жагдай бул – партиянын документтерин ыйгарым укуктуу өкүл эмес, башка адамдын алып барып бергендиги. Бирок бул жерде жүйөөлүү себеп болгондугуна карабай, атаандаш саясий күчтөр БШКга басым кылып, бул абалды өз кызыкчылыктарына колдонуп жатышат.

“Кыргызстан” партиясын шайлоо жарыштан четтетүүнү талап кылып жаткандар бир нерсени түшүнө алышпайт. “Кыргызстан” партиясы өлкө саясатындагы оор салмактуу партиялардын бири жана туруктуу электораттары бар. Бирок БШК  “Кыргызстан” партиясынын шайлоочуларынын добуштарын четке кагып, өзүнүн жумшактыгын көрсөтүп, башка саясий бирикмелердин кысымы астында чечим кабыл алышты.

“Кыргызстан” партиясы мындан 10 жыл мурун түптөлүп, 2015-жылы биринчи жолу саясий күрөшкө аттанып, 3-орунду камсыздаган. Парламенттин VI  чакырылышына 6 фракция өткөн болсо, мөөнөт аяктагыча өз туруктуулугун кармап турган жана алдыдагы шайлоого мурдагы курам менен аттанып жаткан жалгыз партия “Кыргызстан” экендиги көпчүлүккө маалым.

Партиянын түзүүчүсү Шаршенбек Абдыкеримов «АЮ» холдингинин жетекчиси. Ал көп жылдан бери он миңдеген адамды жумуш орун менен камсыздап, мамлекетке ири өлчөмдө салык төлөгөн ишкерлердин бири.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-partiyasynyn-ishin-karoodo-sottor-bshk-kabylgan-basymga-kabylbashy-kerek



Добавить комментарий