Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 40 чакырым жерин такташты

29 июля 2021 13:30 1474 Barometr
Поделиться в:
ok

Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтун акыркы жолугушуусунда Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасынын 40 чакырым жери такталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Абдулат Мырзаев  билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, кийинки жолугушуу август айына белгиленди.

“Акыркы үч жолугушууда жумушчу топ 40 чакырым жерди такташты. Жумуш уланууда”,-деп айтты ал.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын № 43 чек ара чекитинен № 61 чек ара чекитине чейинки жана № 135 чекиттен № 141 чек ара чекитине чейинки аралыгын тактоону макулдашкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 970 километр, анын 519 чакырымы такталган, калган бөлүгү тактала элек.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-menen-tadzhikstan-chek-aranyn-40-chakyrym-zherin-taktashty



Добавить комментарий