ЕККУ чек араны кайтарыш үчүн Кыргызстанга атайын техника берди

14 июля 2021 09:34 804 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын чек арачылары Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунан чек араны коргош үчүн атайын техника алды. Жабдууларды берүү Бишкекте болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Жабдуулардын арасында кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Ак-Жол-унаа жолу» бекетин камсыздай турган видео байкоочу каражаттар да бар.

“Транс улуттук чакырыктар жана коркунучтар менн күрөшүүнүн алкагында кызматташуу биздин мекеменин приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат”, - деп айтты жабдууларды тапшыруу иш-чарасында Бишкектеги ЕККУнун өкүлчүлүгүнүн башчысы Алексей Рогов.

Ссылка: https://barometr.kg/ekku-chek-arany-kajtarysh-chn-kyrgyzstanga-atajyn-tehnika-berdi



Добавить комментарий