Кыргызстан-Кытай чек арасы 19-21-сентябрда жабылат
Поделиться в:
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт-унаа жолу” жана “Эркештам унаа жолу” өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
Кытайда “Күздүн ортосу” майрамы белгиленгендиктен 19-сентябрдан 21-сентябрга чейинки аралыкта эки өткөрмө бекет жүк жана унаалар үчүн убактылуу жабылат.
Бекеттер иштерин 22-сентябрда жаңылайт.
Эскерте кетсек, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жүк жана унаа киргизүү боюнча өзгөчө алгоритм иштеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-kytaj-chek-arasy-19-21-sentyabrda-zhabylat
Добавить комментарий ×