Чек ара кызматы: 5 күндө Кыргызстандан 1 596 пакистандык кетти

7 сентября 2021 13:20 1543 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга июль айынын соңунда чыны менен Пакистандын көп жараны келди. Сентябрдын башынан тартып алар өлкөдөн кетип жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт боюнча комитетинин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын өкүлү Нурланбек Жалбиев маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында, 1-сентябрдан тартып 5-сентябрга чейин Кыргызстанга 537 пакистандык келип, 1 596 пакистандык чыгып кеткен.

“УКМКнын Чек ара кызматы алардын чек арадан өтүшүнүн мыйзамдуулугун текшерип жатат, баарында тең өлкөгө кирүүгө негиздери-туристтик визалары бар”,-деп айтты Жалбиев.

“Биз келгендердин баары айдын соңунда Кыргызстандан кете баштайт деген ойдобуз. Алардын визасынын мөөнөтү бүтөт”,-деп айтты өкүл.

 

Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-kyzmaty-5-knd-kyrgyzstandan-1596-pakistandyk-ketti



Добавить комментарий