Кыргызстан Казакстанга нота жөнөтөт

12 сентября 2018 16:05 1404 Barometr
Поделиться в:
ok

Тышкы иштер министрлиги аэропорттордо кыргыз жарандарын ашыкча текшерүүгө алгандыгы үчүн Казакстанга каршылык нотасын жиберүүгө убада кылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. 

Эрлан Абдылдаев жакынкы убакытта бул маселени чечиле тургандыгын айтты. Ошондой эле буга чейин депутат Улукбек Ормонов коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлери кыргыз жарандарына орой мамиле кылышаарын айткан. Мындан сырткары эл өкүлү казакстандык чек арачылар дипломатиялык паспортторго да көңүл бурушпай турганына нааразы болду.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-kazakstanga-nota-zhntt



Добавить комментарий