Кыргызстандагы коронавирус: Жаңы 526 учур, төртөө көз жумду
2020-жылдын 2-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 526 учур катталды. Бул тууралуу Республикалые штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Бишкек ш. – 211
Чүй облусу - 231
Ош ш. - 19
Ош облусу - 6
Нарын облусу - 3
Жалал-Абад облусу - 27
Талас облусу - 1
Баткен облусу - 18
Ысык-Көл облусу - 10
Республика боюнча жалпы 6 261ге жетти.
Ошондой эле, жаңы катталган 526 учурдун ичинен: сырттан келгендер – 7 (1,3 %), тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 519 адам (98,7 %).
Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (71 жаштагы эркек киши);
Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши);
Кочкор аймактык ооруканасынан – 2 (69 жаштагы аял киши, 56 жаштагы эркек киши).
Жалпы каза болгондордун саны 66га жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-karonavirus-zhay-526-uchur-kattaldy-4-bejtap-kaza-boldu
Добавить комментарий ×