Төкмө акын Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд түзүлдү

7 июня 2020 11:56 1467 Barometr
Поделиться в:
ok

КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд түзүлдү. Бул тууралуу фонддун негиздөөчүсү, акындын кызы Айзуура Иманалиева билдирди.

"Ый менен адамды артка кайрый албайт экенбиз. Мындай оор жоготууга экинчи ирет учурадык. Бирок өзүмдү колго алып, атамдын экинчи өмүрүн узак кылууну тилек кылып, бир туугандары менен "Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фондун" ачууну туура көрдүк. Атамдын талантын баалап, анын ишинин уланышына кызыкдар адамдардын бар экени көңүл жылытат", — деп билдирди Иманалиева.

Элмирбек Иманалиев атындагы фондду бир тууган агасы Айдарбек Иманалиев жетектейт.

Эске салсак, залкар акын Элмирбек Иманалиев 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган Ал кант диабети менен жабыркап жүргөн. 42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, манасчы катары таанылып, жалпы сүймөнчүлүккө ээ болгон. 2016-жылы КРдин эл артисти наамына ээ болгон.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-boyuncha-38-zhany-uchur-kattaldy



Добавить комментарий