Кыргызпатент теле-радиодо чыгармалары колдонулган авторлорду сый акы бериш үчүн издеп жатат
Поделиться в:
Кыргызпатент теле-радионун эфирлеринде чыгармалары колдонулган, бирок байланыш үчүн маалыматы жок болгон айрым авторлорду гонорар бериш үчүн издеп жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашканын “Барометр” билдирет.
2021-жылдын апрелинен тартып Кыргызпатент 2020-жыл үчүн автордук сыйлыктарды бөлүштүрүүдө. Бүгүнкү күндө «ГИПЕРГРАФ» автоматташтырылган программасы аркылуу 775 авторго жана аткаруучуларга жалпы суммасы 7 млн 365 миң 793 сомдук гонорар бөлүнүп жана которулган.
Кээ бир авторлордун байланыш номерлери болбогондуктан гонорарлар бөлүнбөй турат.Айтордук сыйлык алуучулар Кыргызпатентке кайрылса болот.
Добавить комментарий ×