Кыргыздын чыгаан уулу, ИИМдин отставкадагы полковниги Маматибраим Самиевмезгилсиз дүйнөдөн кайтты

14 декабря 2020 14:00 1437 Barometr
Поделиться в:
ok

КРнын ИИМнин отставкадагы полковниги, Мамлекеттик кызматтын I класстагы кенешчиси, техника илимдеринин кандидаты, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу, коомдук ишмер Самиев Маматибраим Самиевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ош олустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маматибраим Самиев алгачкы эмгак жолун Өзгөн районунун «Алга» совхозунда ат багуучулуктан баштаган.

1970-жылы Ош курулуш техникумунда окуу менен бирге Оштогy эмерек фабрикасында эмгектенген.

Комсомолдук бригадаларды жетектеп,Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү курууга, шаардын инфраструктурасын түптөөгө бараандуу салым кошкон.

М.Самиев 1983-жылдан тартып Ички иштер органдарынын катарына кирген. Ак эмгеги менен милициянын катардагы кызматкеринен тартып Ош облустук ички иштер башкармасында Өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук кызматкер, Экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү тармагында бөлүм башчы кызматына чейин көтөрүлгөн. Күжүрмөн эмгеги үчүн милициянын подполковниги чинине ээ болгон. 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

2006-жылдан Акыйкатчынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип, жергиликтүү элдин укуктук маселелерин чечүүгө жакындан жардам берген.

Маматибраим Самиев курулуш, илим жана укук коргоо тармагында иштесе да чыгармачылыктан эч качан кол үзгөн эмес. Анын калеминен ондогон китептер жарык көрүп, үч чыгармасынын негизинде көркөм фильм (“Мугалим”, ”Агентурист”, “Меккеде болгон окуя”) тартылып, бир драмасы (“Имамдардын күнү - Сарахси”) театр сахналарында коюлууда.

Жарык көргөн китептери: “Аалы акеден тарагандардын ата теги”, “Эр жигиттин калыптанышына “Манастын” таасири”, “Манас” эпосунда ислам дининин орду” (кыргыз, өзбек, түрк, араб тилдеринде), “Кыргыз байыркы түптүү, улуу эл”, “Ислам дининдеги мазхабтар, агымдар жана Кыргызстанда тыюу салынган уюмдар” (кыргыз, орус тилдеринде), “Элим менин саяпкерим”, “Манас” эпосунда аялзатынын үй-бүлөгө жана коомго болгон таасири”, “Байсалдуу сапарлар”, “Биздин мектеп”, “Агентурист”, “Меккеде болгон окуя”, “Мугалим”, “Теледе жарык көргөн интервьюлар”, “Имамдардын күнү - Сарахси”, “Ыйман ырын ырдайлы”, “Борбордук Азия коркунучта”.

М.Самиев өзүнө тагылган кызматтыкмилдеттерин абиирдүүлүк менен аткарып бир нече сыйлыктарга татыктуу болгон.КРнын ИИМнин, СССР ИИМнин ведомстволук медалдары, КРнын Омбудсменинин, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун, КРнын Улуттук илимдер академиясынын, КРнын Журналисттер союзунун, Ош шаарынын мэриясынын, Өзгөн, Лейлек райондорунун жана Ош облустук мамлекеттик адмнистрацияларынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

М.Самиевдин эл, жер үчүн жасаган эмгеги коомдук уюмдар тарабынан да жогору бааланып, КРнын Ардактуу инсандар коому “Эл сүйгөн жетекчи” ордени жана “Кылым Залкары” наамы - Алтын төш белгиси менен сыйласа, “Алтай-Манас-Талас” коому Ардак грамотасын ыйгарган.

Кыргыз маданиятын жана мамлкеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Маданиятынын мыктысы төш белгиси, КРнын президентине караштуу мамлекеттил тил боюнча Улуттук комияссиясынын Кыргыз тили төш белгилери менен сыйланган.

Түрк тилдүү өлкөлөрдө илим жана маданият жаатына кошкон өзгөчө салымы үчүн Эл аралык Мустафа Кемал Ата Түрк коомдук фонду “XXI кылымдын мыкты коомдук жана саясий ишмери” ардактуу наамын - Алтын медалын ыйгарган.

Өзгөн районунун Мырзаке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңеши элет жергесин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Ардактуу атуул”наамы менен сыйлаган.

Милициянын отставкадагы подполковниги жана коомдук ишмер, көп кырдуу талант ээси Маматибраим Самиевдин жаркын элеси кесиптештеринин жана кыргыз элинин тарыхында кылымдарга сакталат.

Ош олустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. 


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzdyn-chygaan-uulu-iimdin-otstavkadagy-polkovnigi-samiev-mamatibraim-mezgilsiz-djndn-kajtty



Добавить комментарий