Кыргыз-тажик чек арасында болгон конфликт боюнча 527 материал каралууда

19 октября 2021 11:40 1640 Barometr
Поделиться в:
ok

2021-жылдын апрель айынын соңунда май айынын башында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу чатак боюнча тергөө органдары сотко чейинки өндүрүштөгү 527 материалды иликтеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда болгон брифингде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дуйшеналиев билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, тергөөнүн алкагында 330 ар кандай экспертизалар дайындалды, анын 50 пайызынын бүтүмү даяр болду.

“Чогулган материалдардын негизинде айрым шектүү жарандардын сыртынан билдирме жарыяланды”,-деп айтты улук тергөөчү.

Дуйшеналиев шектүүлөр тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Ал тергөө уланып жатканын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-bolgon-konflikt-boyuncha-527-material-karaluuda



Добавить комментарий