Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.
Аталган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Добавить комментарий ×