Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

25 сентября 2018 20:30 879 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын чек арасындагы «Торугарт — унаа жолу» жана «Эркеч-Там — унаа жолу» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.   

Маалым болгондой, мындай чечим Кытай Эл Республикасы тарабынан 1-октябрь — Билим күнүнө байланыштуу кабыл алынды. Аталган пункттар 29-сентябрдан тарта 7-октябрга чейин өз ишин токтотот. Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү иштери 8-октябрда кайрадан жүргүзүлүп баштайт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kytaj-chek-arasy-ubaktyluu-zhabylat



Добавить комментарий